Site icon Reporter.kg

Тажикстандык сайт тараткан маалымат боюнча УКМК үн катты

Саат 21:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Чек ара кызматы Ozodi.org сайтында жарыяланган «Кыргызстандын аскер кызматкерлери тарабынан минометтун жарылышынын натыйжасында жергиликтүү тургун жарадар болду» деген маалымат чындыка дал келбестигин билдирет.

Кыргыз тарап Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча эл аралык келишимдер менен да, ошондой эле Кыргызстан  менен Тажикстандын делегацияларынын жолугушуусунун №42-Протоколу менен бекитилген эки тараптуу макулдашууларды так сактайт.

КР УКМКнын Чек ара кызматы Тажик Республикасынын компетенттүү жана укук коргоо органдарынын көңүлүн жалпыга маалымдоо каражаттарында биргелешип кайтарылган чек арада улуттар аралык жаңжалды жана провокацияларды козутууга өбөлгө түзгөн атайылап жалган маалыматтарды таркаткандарга бурат.

«Ozodi.org сайтында жарыяланган маалыматты Тажикстандын Исфара аймагы боюнча чек ара өкүлдөрү жана башка компетенттүү органдардын өкүлдөрү тастыктаган жок деп белгилейбиз» деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, тажик жараны чек арага жакын жерде тажик аскер кызматкерлери орноткон жарылуучу заттарга жарылып каза болгон.

КР УКМКнын Чек ара кызматы жалпыга маалымдоо каражаттарын мындай жалган жана негизсиз билдирүүлөр менен коомчулукту жана эки өлкөнүн чек ара аймактарынын тургундарын адаштырбоого чакырат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version