Site icon Reporter.kg

Тажикстандык жаран аялы менен эки баласынын өлүмү үчүн беш жылга соттолду

Гиссар районунда сот аялын жана эки баласын суицидге жеткиргени үчүн жергиликтүү тургун Фатхулло Шариповду беш жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу 23-сентябрда өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

Трагедиялуу окуя 2018-жылы 7-майда болгон. Гиссар районунун Сунбула кыштагынын жашоочусу Сайрам Холова эки кичинекей баласы менен дарыяга боюн таштап, мерт болгон.

Сот “Фатхулло Шарипов аялына жана балдарына ырайымсыз мамиле жасап, аларды кийим-кече, тамак-аш менен камсыздаган эмес, жубайын дайыма кемсинтип, токмоктоп турган” деген тыянакка келген.

Сайрам Холованын апасы беш жылдык жаза кызынын жана эки небересинин өлүмү үчүн өтө аз экенин билдирди.

Сайрам Холова жана Фатхулло Шарипов жети жыл мурун үй-бүлө курган.

Exit mobile version