Site icon Reporter.kg

Тажикстандын агрессиясы: Баткенде 17 үйдүн пайдубалы бузулган жок

Баткен облусунда Тажикстандын куралдуу агрессиясынан улам жабыркаган турак жайлардын ичинен 17 үйдүн пайдубалы үй ээлеринин каалоосу менен бузулган жок. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аймакта түзүлгөн Жарандык коргонуу комиссияларынын изилдөөлөрүнүн натыйжасында 661 турак үй жабыркагандыгы аныкталып, анын ичинен 423 турак жай жашоого жараксыз деп табылган.

“Ал эми жашоого жараксыз болгон 423 турак үйдүн бирөө Баткен шаарында жайгашса, Баткен районунда 321, Лейлек районунда 101 үй орун алган. Куралдуу окуяда жаралган кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн жалпысынан 422 үй бузулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамы 387, жергиликтүү бийлик 35 үйдү бузуп, жаңы курулушка аянтчалар дайындалган. Ал эми чек ара тилкесиндеги 1 үй бузулган жок.

Жалпы тазаланган 422 үйдүн 64үнүн дубалдары бузулган эмес. Ошондой эле буга чейин 44 үй түрк долбоору менен курулуп, пайдубалы жеңил конструкцияга ылайыкталган.

Учурда жергиликтүү тургундардын суроо-талабы менен бул үйлөр кирпич менен курулмакчы. Кирпич менен курула турган үйлөрдүн пайдубалы көтөрүмдүү жана бышык болушу керек. Ошондуктан 44 үйдүн 17синин пайдубалы үй ээлеринин каалоосу менен мурунку пайдубалынын үстүнө үй курулат”, — деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү тургундардын өтүнүчү менен Лейлектин Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Максат айылында 8, Баткен районундагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Көк-Терек айылында 8, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук айылында 1 үйдүн тактап айтканда, 17 үйдүн пайдубалы бузулган жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version