Тажикстандын аскер бөлүгүндө жоокер сабалып, маңдай сөөгү сынды

Тажикстандын аскер бөлүгүндө жоокер сабалып, маңдай сөөгү сынды

Тажикстанда чек ара аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн 23 жаштагы Курбонали Хакимовго башка жоокерлер үстөмдүк көрсөтүп, керебеттин темир догоосу менен чекеге чаап жиберишкен.

Курбонали Хакимов үч жумадан бери ооруканада дарыланууда. Душанбедеги Улуттук медициналык борбордун дарыгерлери билдиргендей, жоокердин маңдай сөөгү сынып, мээси жабыркаган, ага операция жасалган.

Окуя 20-августта болгон. Курбонали бири-бири менен мушташкан эки жоокерди ажыратып жатып, өзү токмок жеген.

Курбонали Хакимов аскерге 2018-жылы ноябрда чакырылган жана Лахш районундагы (мурдагы Жерге-Тал) аскер бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөйт.

Жабырлануучунун айтымында, аны-уруп соккондорго карата кылмыш иши козголгон жана тергөө аягына чыга элек.

Чек ара аскер башкармалыгы жана аскер прокуратурасы бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Бул арада октябрь айында тажик армиясына кезектеги чакыруу башталат. Укук коргоочулар көптөгөн арызданууларга карабай, аскерлер арасындагы чоңсунуу, үстөмдүк көйгөйлүү маселе бойдон калып жатканына тынчсызданышууда. Кыйноолорго каршы коалиция маалымдагандай, 2014-2016-жылдар аралыгында 11 жоокер ур-токмоктон ажал тапкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>