Site icon Reporter.kg

Тажикстандын курал ташыганы боюнча сүйлөшүү жүргүзүү керек, — депутат

Тажикстан тарап чек арага жакын жерге курал ташып, окоп казып жатканы тууралуу маалыматтар боюнча коңшу мамлекет менен сүйлөшүү жүргүзүү керек. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди.

Ал кечээ, 19-октябрда маалымат каражаттарында Баткендеги «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынын тушуна Тажикстан тарап курал ташып жатканы тууралуу маалыматтар чыкканын белгиледи.

«Ошол жерде Тажикстандын жарандары жарандык унаалар менен мечиттерге курал ташып жатканы тууралуу маалымат чыгууда. Өткөндө Тажикстан менен тынчтык протоколуна кол коюлган. Эми муну кандай түшүнсө болот. Кечээ (маалымат каражаттарынан – ред.) бардыгыбыз көрдүк, курал алып келип, окоп казып жатат», — деди ал.

Анын айтымында, ага Лейлектен жаштар келип, Тажикстан тараптын даярдыктары тууралуу айтып берген.

«Алар окоп казып, даярданганын көрүп жатканын айтты. Оор техникалар алыс кеткен жок дейт. Протоколго кол койгондон кийин жолугушуу өткөрүп, маалыматтар чыгып жатканын, видеотасмалар бар экенин айтыш керек. Унчукпай отура берсек, эртең эмне болот? Өткөндөгү окуя алдында да жарандар «окоп казып, курал алып келип жатат» деп айтышкан. Ушул боюнча тез арада маалымат берип койсонуздар. Тез арада сүйлөшүү жүргүзүү керек. Эки мамлекет тарабынан кайгуул жүргүзүлүп жатат, бирок ага карабай ушул нерсе болууда», — деди ал.

Эскерте кетсек, 19-октябрда Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан тарап кезектеги чек ара чырына түрткү бериши мүмкүн болгон иштерге барып жатканын билдирген.

Тажик тарап чек арага курал ташып, жалданма аскерлерди даярдоодо

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version