Тажикстандын мурдагы министри Ташиевдин Ворух боюнча сөзүнө жооп кайтарды

Тажикстандын мурдагы министри Ташиевдин Ворух боюнча сөзүнө жооп кайтарды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин Ворух анклавы боюнча айткан сөздөрүнө Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифи пикирин билдиргенин коңшу өлкөнүн басылмалары жазды.

Ал эми расмий Душанбе азырынча бул маселе боюнча үн ката элек.

Чиновниктин айтымында, Тажикстан менен Кыргызстандын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жөнүндө сүйлөшүүлөрүнүн биринчи раундунун жыйынтыктары бул болбогон сөз. Ворух анклавы болсо саясий жана географиялык карталарга ылайык, анклав болгон эмес.

“Тажикстан — суверендүү өлкө, анын чек аралары кол тийгис. Биздин өлкөбүз туруктуу, эмгекти жана тынчтыкты сүйгөн элибиз, акыл-эстүү өкмөтүбүз жана өлкө башчыбыз бар. Биз бөтөн аймактарды талап кылбайбыз жана касиеттүү жерибиздин бир сантиметрин эч ким менен бөлүшпөйбүз. Менимче, Тажикстандын делегациясы тең укуктуулуктун, урматтоонун жана коңшулаштыктын негизинде тиешелүү чечимдер кабыл алынмайынча, өз элин жана достук мамиледеги кыргыз элин тынчсыздандырбайт. Ворух бардык тарыхый документтерге, саясий жана географиялык карталарга ылайык, анклав болгон эмес”, — деп айткан.

Белгилей кетсек, 16-17-марттаТажикстандын Согди облусунун Гүлистан шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жыйыны болуп өткөн.

Анда Кыргызстандын делегациясын – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми Тажикстандын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеген.

Кыргызстандын жана Тажикстандын делегация жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелериндеги долбоордук линиянын өтүүсүн сүрөттөп жазууну мындан ары карай активдештирүү зарылдыгы тууралуу өз-ара толук түшүнүшүүсүн билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзсө, анын 504 чакырымы гана делимитацияланган жана демаркацияланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>