Бүгүн, 27-ноябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.
ЖККУнун жыйыны 28-ноябрда Кыргызстандын төрагалыгы астында өтөт.
Ага Кыргызстан, Тажикстан, Орусия, Армения, Беларус, Казакстан мүчө.