Site icon Reporter.kg

Тажикстандын түштүгүндө мал уурулугу күч алды

Тажикстандын Ооганстан менен чектеш Фархор районунун Көкүл айлында ондогон мал жоголду.

Айыл тургундары алардын малы белгисиз кишилер тарабынан Паянж дарыясынын аркы өйүзүнө өткөрүлүп жатат деп божомолдошууда. Жергиликтүү бийлик малдын жоголушу боюнча тергөө иштери башталганын маалымдады.

Көкүл айлынын жашоочусу Гүлбахор Ораева бир түндө беш уюн жоготкон. “Биз эртең менен уйларды ал жакка жайытка жөнөткөнбүз. Кечке чейин издеп, бирок тапкан жокпуз. Эртеси да издеп, дагы үч атыбыз жоголгонун билдик”, – деди ал.

Жергиликтүү тургундар чек ара тилкесинде тикенек зымдар менен тосулган тосмонун айрым жерлери ачылып калганын жана оогандыктарды көрүшкөнүн билдиришүүдө.

Фархор районунун башчысы Рустам Рахматзода бул боюнча иликтөө жүрүп жатканын, жыйынтыктары тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин айтты.

Exit mobile version