Тажикстандын түштүгүндө ондогон гектар жайыт өрттөндү

Тажикстандын түштүгүндө ондогон гектар жайыт өрттөндү

11-августта Тажикстандын Хатлон облусунун Восей районунда ондогон гектар жайыт өрттөндү. Азырынча өрттүн келип чыгуу себептери белгисиз.

Куляб аймагынын Өрткө каршы кызматы өрттү кыйынчылык менен бир нече сааттын ичинде өчүрүүгө мүмкүн болгонун, жабыркагандар жок экенин кабарлады. Бирок Худоёр Ражабов атындагы айыл аймагынын тургундары мал жаюуга жер калбай калганын билдиришүүдө.

Бул акыркы жумаларда Восей районунун аймагында болгон экинчи өрт. 26-июлда өрт Хожамумин тоосундагы токойду каптаган.

Буга чейин Кулябдын Өрткө каршы кызматы 2020-жылдын алты айында аймакта 5,6 гектар буудай жана зыгыр талаасы өрттөнгөнүн билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>