Site icon Reporter.kg

Тажиктер Интернационалдын айыл башчысын барымтага алышкан

похищение

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылында Тажикстандын аскер техникалары айылды аралап жүрөт. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан Reporter.kg’ге билдирди.

Интернационал айылынын кыргыз жарандарына тиешелүү болгон “Жилой дом” турак-үйлөргө тажик аскер кызматкерлери кирип алган.

«Бул участкага жакын аймакта кыргыз жарандарынын экөөсү каза болгондугун тактоо максатында Интернационалдын айыл башчысы барган учурда, таджик жарандары аны барымтага алып алышкан», — деп маалымдашты.

Бул факт Лейлек РИИБнин кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 380-беренеси (Тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Exit mobile version