Театрлар ишмердүүлүгүн онлайн түрдө жүргүзөт

Театрлар ишмердүүлүгүн онлайн түрдө жүргүзөт

Театрлар ишмердүүлүгүн онлайн түрдө жүргүзөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

“Учурда карантиндик талапка ылайык бардык маданий мекемелер жабык бойдон турат. Ошого карабастан, иштер онлайн түрүндө аткарылып жатат. Китепканалар интернет ресурстары аркылуу өз иштерин аткарууда. Театрлар 1-августтан тартып жумушка киришет. Бирок кырдаалга жараша алардын иш-аракеттери дагы онлайн түрүндө уланат. Тактап айтканда, ар бир театрдын коюула турган спектаклдерин алардын өздүк сайтынан көрө аласыздар, ошондой эле маалыматтарды социалдык баракчаларынан алсаңыздар болот”, — деди министр.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>