Текебаев «1 млн доллар пара алган» деген Жапаровдун айыптоосуна жооп берди

Текебаев «1 млн доллар пара алган» деген Жапаровдун айыптоосуна жооп берди

Жапаровдун Өмүрбек Текебаев Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деген билдирүүсү жалаа. Мындай пикирин “Репортерго” Текебаев өзү билдирди.

“Бул премьер-министр тарабынан абдан жоопкерчиликсиз билдирүү. Мен Жапаровдун аталган интервьюсун көрө элекмин, азырынча ушуну менен гана чектелип турайын”, — деди Текебаев.

Белгилей кетсек, кечээ, 23-ноябрда Садыр Жапаров “Жетинчи каналга” берген маегинде “Текебаев Маевскийден 1 млн доллар алганы анык” деп билдирүү жасаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>