Site icon Reporter.kg

«Ата Мекен» фракциясынын лидери алмашты

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өз каалоосу менен фракциянын лидерлигинен кетип, анын ордуна Айсулу Мамашева фракция лидери болду. Мындай чечим фракциянын 5-январдагы кезексиз жыйынында кабыл алынды.

Фракциянын лидеринин орун басары болуп,  Наталья Никитенко шайланды.

Ошондой эле жыйында депутат Клара Самат «Ата Мекен» фракциясынан чыгарылды.

Exit mobile version