Текебаев: Бүгүнкү бийлик менен идеологиябыз таптакыр башка

Текебаев: Бүгүнкү бийлик менен идеологиябыз таптакыр башка

Бүгүнкү бийлик менен концептуалдуу макул эмес учурлар абдан көп. Бул тууралуу Өмүрбек Текебаев акталып чыккандан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, азыр чарчап турганы менен саясий турмушка активдүү аралашып, жарандык позициясын билдирип турат.

“7-апрелде биз өзүбүздүн идеологиялык алтернатива экенибизди жарыялаганбыз. Бүгүнкү бийлик менен концептуалдуу макул эмес учурлар абдан көп. Муну кыргыздар кайнаса каны кошулбайт деп айтат. Өлкөбүз, элибиз, тагдырыбыз бир, бирок тигил же бул маселелерде туура ишти туура деп колдоп турабыз. Идеологиябыз таптакыр башка”, — деди Текебаев.

Белгилей кетсек, 13-апрелде Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап, актады.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>