Текебаев: Бажыдагы коррупция бүгүн да токтогон жок — видео

Текебаев: Бажыдагы коррупция бүгүн да токтогон жок — видео

Бүгүн, 26-ноябрда  Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши каралды.

Өмүрбек Текебаев сот залынан чыгып баратып, “Азаттык” жана “Клооптун” иликтөөсү тууралуу  журналисттердин суроосуна жооп берди. 

Ал бүгүнкү күндө да реэкспорт (бөлөк өлкөдөн келген товарды башка өлкөгө чыгаруу) коррупциялык жолдор менен чыгып жатканын белгилеп өттү.

«Менден башкасы 2017-жылга чейин коррупция болгонун  айтат да 2017-жылга келгенде тык токтоп калат. Мен айтат элем –  реэкспорттогу коррупция бүгүн да болуп жатат. Мунун барын президент, өкмөт токтотуп күнөөлүлөрдү жазалаш керек. Бирок күнөөлүлөр абдан көп,  катардагы кызматкерден баштап генерелдарына чейин баары аралашкан. Буларды карап турган УКМК, прокуратура да аралашкан. Ошол жерде иштегендердерин өзүлөрүнө, туугандарына жазылган байлыгын текшерсеңер, мыйзамсыз баюу так ошол жерден чыгат”, — деди Текебаев.

Ошондой эле ал бажыдагы коррупцияны жоюу күн тартибиндеги негизги маселе экендигине токтолуп өттү.

«Азаттыктын иликтөөсүнөн кийинки элдин талабы — бүгүнкү күндө да бул маселе актуалдуу болуп турганын көрсөттү. Бул маселелерден президент, өкмөт, депутаттар да буйтап өтүп көз жаздымда калытра алышпайт”, — деи Текебаев.

Белгилей кетсек, 21-ноябрда “Азаттык”, “OCCRP” жана “Kloopтун”  “Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо”  деген иликтөөсү жарыяланган.

Анда Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу Кыргызстанга кирип-чыгып турган мыйзамсыз миллиондогон долларлар жана Райымбек Матраимовдун бул ишке тиешеси баяндалат.

Аталган иликтөөдөн кийин  жарандык коом өкүлдөрү менен шаар тургундары  жемкорлукка каршы тынчтык митингге чыгып, бийликке бир катар талаптарды коюшту.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>