Текебаев депутаттык мандатынан айрылышы мүмкүн. Шаардык сот БШКнын арызын канааттандырган жок

Текебаев депутаттык мандатынан айрылышы мүмкүн. Шаардык сот БШКнын арызын канааттандырган жок

Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандаты боюнча чечим чыгарды. Бул маалыматты Reporter.kg’ге шаардык соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Коллегия Борбордук шайлоо комиссиясынын даттануусун канааттандырбай, мурунку инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

Буга чейин активист Темирлан Ормуков сотко доо арыз менен кайрылып, анда Текебаевдин мандатын кайтаруу боюнча БШКнын чечимин жараксыз деп табууну суранган.

БШК бул чечим боюнча шаардык сотко апелляциялык арыз бергенден кийин, Административдик сот анын талабын канааттандырды.

Текебаев өзү сот саясий негизде чечим чыгарганын айтты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>