Site icon Reporter.kg

Текебаев Германиянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолукту.

Кечээ, 5-майда Берлин шаарындагы Бельвю сарайында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге ишеним грамоталарын тапшырды.

Элчи Өмүрбек Текебаев Германия президенти Штайнмайер менен салтанаттуу аземден кийин болгон сүйлөшүүдө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан герман тараптын көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык сөздөрүн жолдоп, быйыл Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана учурдагы социалдык-экономикалык абал тууралуу маалымат берди. Андан тышкары Борбор Азиядагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун соңунда Германия президентинин Бельвю сарайындагы Кыргызстандын мамлекеттик желеги салтанаттуу түрдө көтөрүлдү.

Exit mobile version