Site icon Reporter.kg

Текебаев Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөштү

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен Кытай— Кыргызстан — Өзбекстан эл аралык темир жолунун курулушу тууралуу жана эл аралык жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына виза берүү шартын карап чыгууну талкуулашты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө жол-транспорттук тармагын эки тараптуу өнүктүрүү боюнча жемиштүү диалог болуп, Кытай— Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоору бүгүнкү күндө Кыргызстандын эле эмес, бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн артыкчылыктуу долбоолордун бири.

Мындан тышкары жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы сооданы жогорулатуу максатында Кытай Эл Республикасына каттаган эл аралык жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына виза берүү шартын карап чыгууну талкуулашты. Учурда Кыргызстандын 1500дөй айдоочусу визага муктаж.

Ошондой эле элчи Ду Дэвэнь 2023 — жылдын 30 — январынан тартып визага документтерди кабыл алууну дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү кабыл алып баштагандыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында 2023-жылга карата эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү пландары боюнча пикир алышып, эки мамлекеттин жол-транспорт жана темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча кызматташууну улантууга макулдашышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version