Текебаев менен жубайынын мүлктөрү камактан чыгарылат

Текебаев менен жубайынын мүлктөрү камактан чыгарылат

Бүгүн, 13-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы жетекчиси Дүйшөнкул Чотоновду актады.

Анда алар  Жазык кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыш окуясы жок болгондуктан акталганы айтылат.

Ошондой эле судья Текебаев жана анын жубайы Айгүл Текебаеванын камактагы мүлтөрү чыгарыла тургандыгын айтты.

«Өмүрбек Текебаевге жана Дүйшөнкул Чотоновго карата тандалган үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин жокко чыгарылат. Акталган Текебаевдин жана Чотоновдун реабилитацияга болгон укугу таанылган. Өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин, акталган Өмүрбек Текебаевге жана Дүйшөнкул Чотоновго жазык куугунтугу менен байланышкан залалдын ордун толтуртуунун тартибин түшүндүрүү менен кабарлама жиберилет.

2017-жылдын 15-мартындагы Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик комитетинин тергөө кызматынын 1-бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн токтому менен Текебаевдин, Айгүл Текебаеванын жана Дүйшөнкул Чотоновдун наамындагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүнө коюлган камак – өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин алынып салынат. Иш боюнча далил зат катары табылган буюмдар иш материалдары менен бирге сакталат», — деп билдиришти райондук соттун басма сөз кызматынан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>