Site icon Reporter.kg

Текебаев: Парламенте кайра шайлоону жылдырууга бир шарт менен макул болдум

Кыргызстанда парламентке кайра шайлоону жаз мезгилине жылдыруу боюнча өкмөттөн жана фракция лидерлеринен сунуш түштү. Бул тууралуу “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

Текебаевдин айтымында, шайлоону жылдырууга кызыктар болуп жаткандар өлкөдөгү бюджеттин тартыштыгын жана  пандемияныны экинчи толкунун жүйө келтиришкен.

“Эки шайлоо бир убакта өтсө ар бирине 500 миллон сомдон ашык акча кетет. Эң негизгиси – эл шайлоонун жыйынтыгына жана анын жоболоруна нааразы. Шайлоо системасын өзгөртпөй туруп шайлоо өткөрүү элдин пикирин эске албагандык болот деп, парламенттик шайлоону жазга чейин жылдырып, конституциянын кээ бир жерлерине өзгөртүү киргизели деген сунуш түштү. Мен бир шарт менен бүгүнкү парламенттик башкаруу системасы сакталат, өкмөт күчөйт, президент өзүнүн ыйгарым укуктарын жоготуп, аксакалга айланат. Президен түз эл эмес шайлоочулардын коллегиясы аркылуу шайланат деген шарт менен мыйзам долбоорго кол коюп бердим. ”, – деди Текебаев.

Буга чейн Жогорку Кеңешке кайра шайлоо май айында өтүшү мүмкүн экендиги тууралуу  Reporter.kg`ге өздүк булактар кабарлаган.

 

Exit mobile version