Текебаев, Сариев жана Акаев шайлоого бирге аттануу үчүн оппозициялык партияга биригишти

Текебаев, Сариев жана Акаев шайлоого бирге аттануу үчүн оппозициялык партияга биригишти

КЛДП, «Ата-Мекен», «Ак Шумкар», «Жаңы Дем» саясий партиялары, «Жашыл Күчтөр» партиясынын мүчөсү Азамат Темиркулов жана КСДПнын кээ бир депутаттары биригишти. Алар күздө болот турчу парламенттик шайлоого бирге аттанышат. Бул тууралуу Reporter.kg`ге «Жаңы демдин» жетекчиси Тилек Токтагазиев билдирди.

Анын айтымында, бул Кыргызстандагы тажрыйбалуу саясатчылар менен жаш жана прогрессивдүү жаштардан топтолгон партия болуп саналат.

«Партия «Ата Мекен» деп аталып, «Жаңы дем» деген ураан менен чыгат. Анын курамына Жанар Акаев, Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Наталья Никитенко, Рыскелди Момбеков, Азамат Темиркулов жана мен. Биз биригип, оппозиция болууну чечтик. Мамлекеттик органдарда көптөгөн кемчиликтерди байкап жатабыз жана аны жоёбуз», — деди Токтогазиев.

Токтогазиев, аталган партиянын лидери Жанар Акаев болорун кошумчалады.

Тэги: оппозиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>