Site icon Reporter.kg

Текебаев Жапаровдун бүгүнкү билдирүүсүнө жооп кайтарды

Бүгүн, 3-декабрь күнү Токмок шаардык кеңештин Текебаевге кол салды делген депутаттары Өмүрбек Текебаевден кечирим сурап келди. Ошол маалда “Ата Мекен” партиясынын депутаттыкка талапкер Өмүрбек Текебаев Президент Садыр Жапаровдун бүгүнкү билдирүүсү боюнча жооп берди:

Садыр Жапаров силер жөнүндө айтып жатат. Текебаевди сабап, телефонун алып кетишкендер жөнөкөй эле карапайым балдар болуп чыкты. Камакка алынды. Жөн гана Текебаевге жинибиз келип, сен тажаттың деп, митингден кубалаганбыз деп көрсөтмө берип жатышат. Бул эми президенттин айтканы. Кайрат силер жөн балдардан эмессиңер! Шаардын башчылардын бирисиңер. Айбек деген депутат жүрөт. Силер жөнөкөй карапайым балдар эмессиңер. Элдерге үлгү болуп эл башкара турган адамсыңар. “Эл тажаган силерден”-  деп митингден кубалаган деп Президент силердин абийириңерди ачып жатпайбы? Менин эмес, элдин алдында… Муну айтпаганда мен айтпайт элем. Митингден мени кантип кубалайсыңар? Бул менин конституциялык укугум. Кубалаш үчүн күч колдонуш керек. Кубалаш үчүн коркутуш керек. Кубалаш үчүн уруш керек. Жаңжал болуусун каалабай эл көрбөгөн жерде отургам.

Андан ары президенттин сөзүнө кайрылсам, мени эле эмес, ал жерге митингди кубалайбыз деп келген тентектер болуп чыкты дейт. Кантип кубалайт? Кубалайбыз дегени күч колдонуу. Ал жакта өкмөттү башкарып жүргөндөр, спикерлер бар болчу. Алар дарек боюнча БШКга конституциялык укугун коргоп чыгышкан. Президент кууганы келген деп айтып жатат. Кантип кууйсуңар? Силер Президенттин да, өкмөттүн да, мэрлердин да сөзүнө кирбей өз алдынча болгула” – деп жооп кайтарды Текебаев.

Буга чейин Президент Садыр Жапаров Текебаевге кол салуу боюнча өз оюн айтып, кол салгандар “митингди кубалайбыз” деп келген “тентектер” болуп чыкты деп айткан эле.

Садыр Жапаров: «…деп айтып чыгышсын. Мен токтоосуз эле отставкага кетип калайын»

Exit mobile version