Өмүрбек Текебаевдин мандаты боюнча иш бүгүн, 24-февралда Жогорку сотто каралмак.
Бирок ага прокурор менен Өмүрбек Текебаев келбеди. Буга байланыштуу отурум 3-мартка жылдырылды.
Доочу Темирлан Ормуков кийинки отурумга да Текебаев келбей койбосун деп соттон аны отурумга алып келүүнү өтүндү.