Site icon Reporter.kg

Текебаевге кол салды делгендер кечирим сурап келди

Саясатчы Өмүрбек Текебаевге кол салды делген Токмок шаардык кеңешинин депутаттары Текебаевден кечирим сурап келди. Бул  иш-чара “Ата Мекен” саясий партиясынын мүчөсү Жакшылык Бердибек уулунун фейсбуктагы баракчасындагы түз эфиринде чагылдырылды.

Кечирим суроого келген депутаттардын бири, Текебаевге кол салуу үчүн келбегенин, атайын тынчтык митингине чыгып, тынчтык үчүн, стабилдүүлүк үчүн деп атайын өкмөт үйүнүн алдында турганын билдирди.

Ал Текебаевге, “сизди сабайлы деп келген эмеспиз. Буга кызыктар тараптар кагылыштырыш үчүн ушундай кырдаалды жаратты. Эгерде сизди сабайлы десек, сиздин жаныңызга ачык турбайт элек” – деп кайрылды.

Текебаев силерге доом жок, болгону силерге кеңеш айтам деп, окуя тууралуу токтоло кетти.

Ак-Суу районунан келген топ бизге келип, “иттерсиңер, силердин ал жерге келгенге укугуңар жок” деп айтты. Аталарыбыздын, апаларыбыздын бир чиновниктин эшигинин алдына барып талап кылууга укугу бар да. Ошол жерде “иттерсиңер, чык кет” деп турса кандай болот. Жалал-Абаддан да ушундай топ уюшулду. Алар да алыс болгону үчүн келе албай калышты да, мен айтайын дегеним, силердин ниетиңер жакшы, аны бирок, провакторлор пайдаланып кетип жатат. Мен урду деп кармалган бала мени урган жок. Кырктарга чыгып калган, боюу менден жапызыраак, дене түзүлүшү чымыр бирөө болчу. Мен уккам, балдар бул жакта провакция болуп жатат, келбей эле коюңуз дешкен. Бирок, ага карабай барганмын” – деди Текебаев.

Текебаев 1-декабрь күнү Бишкекте өзүнө кол салуу болгонун билдирген. 2-декабрга караган түнү Бишкек шаардык милициясы кылмышка шектүүлөрдүн бирин кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Милиция шектүү өз каалоосу менен Текебаевдин телефонун тартип сакчыларына тапшырганын билдирди. Иш Жазык кодексинин “Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан тоноо” беренеси менен иликтенип жатат.

Exit mobile version