Site icon Reporter.kg

Текебаевге кол салгандардын бири кармалды

Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын бири кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 23 жаштагы Э.Ы. аттуу жаран кармалган. Ал Текебаевдин тартып алган буюм-тайымдарын кошо өткөрүп берген.

Учурда ал Бишкек милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголду.

Кол салгандардын башкаларын издөө иштери уланууда.

 

Exit mobile version