Телефон аркылуу ишкерлерди 3 млн сомго алдаган шектүүлөр кармалды

Телефон аркылуу ишкерлерди 3 млн сомго алдаган шектүүлөр кармалды

Телефон алдамчылыгы менен алектенип жүргөн  адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, телефон алдамчысы  30 тонна кумшекерди жеткирип берем деген шылтоо менен жеке ишкердин ишенимине кирип, 1 600 000 сомдон ашык  акча каражатын  ээлеп алган. Ошондой эле башка ишкерге да кумшекер жеткирип берем деген шылтоо менен 1 200 000 сомдон ашык  акча каражатын алган.

Ал эми бул иштерди уюштуруучусу Ысык-Ата районунун тургуну 1979-жылы туулган Юсуров Закир экени аныкталган.  Ал учурда мурда жасаган алдамчылык иш-аракеттери үчүн ЖАМКтын мекемелеринин биринде жазасын өтөп жатат. Болжолдуу алдын ала маалымат боюнча бул жаран дагы башка ушундай кылмыш иштерине тиешеси бар экени айтылат.

“Ал телефон аркылуу сатуучу жана сатып алуучулар менен сүйлөшүп, келишим түзүп жүргөн. Ишкерлер аны менен сүйлөшкөндөн кийин ири суммадагы акча каражаттарынан кол жууп жүрүшкөн.

Акча каражаты үчүн келип жүрүшкөн курьерлердин дагы өздүгү аныкталды. Алар Чүй облусунун тургундары 1998-жылы туулган Блазов  Рамазан жана 1992-жылы туулган Искаков Рамиль болушкан”, — деп кабарланат.

Алдын ала маалымат боюнча курьерлер алдамчылык жол менен табылып алынган  миллиондогон акчаларды  электрондук капчыкка которуу менен З.Юсуровго жөнөтүп турушкан. Өздөрүнө болсо алдоо жолу менен табылган акча каражаттарынын аз бөлүгүн алып  келишкен.

Милиция кызматкерлери жогоруда аты аталган шектүүлөрдүн телефон алдамчылдыгына тиешелүү болгондугу жөнүндө кандайдыр-бир башка маалыматтарды билген болсоңуздар 0312 266015, 0312 266261 телефон номурларына кабарлап коюну суранат. Купуялуулукка кепилдик берилет.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>