«Телефон менен сүйлөшчүбүз». Ысык-Көлдө жашы жете элек кызга баш кошкон деген мырза өз чындыгын айтты

«Телефон менен сүйлөшчүбүз». Ысык-Көлдө жашы жете элек кызга баш кошкон деген мырза өз чындыгын айтты

21-декабрда жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда юрист Камил Рузиев 31 жаштагы Жети-Өгүз районунун жашоочусу 16 жаштагы кызга үйлөнгөнүн жазган. Бул окуя тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы жаш өспүрүм кыз жана анын мыйзамдуу камкоорчусу укук коргоочу Камиль Рузиевдин билдирүүсүн четке кагышты.

Аталган факты боюнча мурда жаш өспүрүм кыздын мыйзамдуу өкүлдөрү, же болбосо тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан Жети-Өгүз РИИБне арыз келип түшкөн эмес.

Укук коргоочу Камиль Рузиевдин билдирүүсү райондук милициянын кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, «диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы» жөнүндө мыйзамдарды бузуу  беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, Камиль Рузиевдин билдирүүсүндө көрсөтүлгөн, жаш өспүрүм менен никеге турган адамдын өздүгү аныкталган. Ал, Ырдык айылынын 36 жаштагы тургуну Х.Ш. болуп чыгып, өзүнүн көрсөтмөсүндө укук коргоочунун маалыматы чындыка дал келбестигин айтып чыкты. Анын айтымында, ушул жылдын ноябрь айында, айылдашы К.Снын үйүндө жасалгалоо иштерин жүргүзүп жүргөн. Ошондо, үйдүн ээси, аны 16 жаштагы Д.Ж. аттуу кызы менен таныштырганын, кийинчерек, ал кыз менен уюлдук телефон аркылуу кээде сүлөшүп жүргөндүгүн билдирген. Бирок, ал кыз менен никеге турбагандыгын айтып чыккан.     

Аныкталган жаш өспүрүм кыз, ушул эле айылдын 16 жаштагы тургуну Д.Ж. өзүнүн көрсөтмөсүндө, 2016-жылы өз атасы каза болуп калгандыктан, анын бир тууган агасы К.С. мыйзамдуу камкоорчусу болуп калгандыгын билдирген. Жаш өспүрүм кыз да, Х.Ш. менен никеге турбагандыгын ырастап чыкты», — деп жазылат маалыматта.

Ал эми, жаш өспүрүм кыздын мыйзамдуу камкоорчусу 45 жаштагы К.С., укук коргоочу Камиль Рузиевдин социалдык баракчадагы билдирүүсү чындыкка дал келбестигин билдирип, иниси каза болгондон кийин, анын кызын Д.Жга өз кызындай камкордук көрүп жаткандыгын, ар дайым көзөмөл жүргүзгөндүгүн жана эч нерседен кем кылбай тарбиялап жаткандыгын маалымдады. Ал дагы, Х.Ш. менен Д.Жнын ортосунда нике салты өткөрүлгөндүгүн четке какты.

Аталган фактыны объективдүү жана толук кандуу териштирүү үчүн, учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>