Site icon Reporter.kg

Темир Сариев парламенттик шайлоого катышпайт

«Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев «Бүтүн Кыргызстан»  партиясынын катарында парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу саясатчы кечээ, 23-августта шайлоочуларына болгон кайрылуусунда билдирди.

Темир Сариев мындай чечиминин себебин ачыкка чыгарган жок.

«Бул чечим мага оңой келген жок. Түшүндүрүү кыйын. Эч кимди күнөөлөбөйм. Күнөө менде. Менин принциптеримде. Менин дарегиме ачуу сөздөр айтылат. Тилдешет, сындашат. Чындыкка жатпаган сөздөр да айтылат. Мен мунун баарын көтөрүүгө даярмын», — деген саясатчы.

Сариев өзүнө ишеним арткан бардык шайлоочуларына ыраазычылык билдирип, кечирим сурады.

Мындан сырткары мындан ары ишкерлигин улантып, коомдук иштер менен алек болорун билдирди. 

Exit mobile version