Темир Сариев парламенттик шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” менен барат

Темир Сариев парламенттик шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” менен барат

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен барат. Бул тууралуу Темир Сариев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтканы саясатчынын “Фейсбуктагы” баракчасына жарыяланды.

Сариев “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери менен көп маселер боюнча көз карашы дал келерин айтты.

“Биз макулдашып чыктык. Буга чейин партиялаштарыбыз менен дагы макулдашканбыз. Бул макулдашуунун негизинде Мадумаров менен Сариев биригип, “Ак Шумкар” партиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен бирдиктүү шайлоого барат. Биздин алдыбызда чоң максаттар турат, аларды бирге жасайбыз”, – деди Сариев.

Белгилей кетсек, 5-июнь күнү  бир топ саясатчылар күзүндө өтүүчү парламенттик шайлоого чогуу баруу үчүн “Ата Мекен” партиясынын туусу алдында “Жаңы дем” деген ураан менен стратегиялык өнөктөштүккө биригишкен. Алардын арасында “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев дагы бар болчу. Август айынын башында Темир Сариевдин бул өнөктөштүктөн чыгып кеткен.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага катышуу ниетин билдирген 44 партия Борбордук шайлоо комиссиясына документтерин тапшырган. Кийин 3 партия шайлоого катышуу ниетинен баш тарткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>