Темир Сариев “Жаңы дем” альянсынан чыккандыгы айтылууда

Темир Сариев “Жаңы дем” альянсынан чыккандыгы айтылууда

Саясатчы Темир Сариев “Ата-Мекен” партиясынын алдында түзүлгөн “Жаңы дем” саясий альянсынан чыккандыгы айтылууда. Бул тууралуу маалымат каражаттары Сариевдин өзүнө таянуу менен жазып чыкты.

Бирок азырынча Темир Сариевдин альястан чыгышына эмне себеп болгондугу айтыла элек.

REPORTER.KG басылмасы “Ата-Мекен” партиясынын басма сөз кызматы менен байланышканда, алар маалыматты тастыктаган да четке каккан дагы жок.

“Азырынча бул боюнча эч нерсе айта албайбыз. Жарым сааттан соң маалымат айтылат”, – деди партия өкүлү.

Белгилей кетсек, 5-июнь күнү  бир топ саясатчылар күздө өтүүчү парламенттик шайлоого чогуу баруу үчүн “Ата Мекен” партиясынын туусу алдында “Жаңы дем” деген ураан менен стратегиялык өнөктөштүккө биригишкен.

Саясий алянска “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Ак Шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев, Кыргыз либерал-демократтар партиясынын (КЛДП) теңтөрагасы, депутат Жанарбек Акаев, парламент депутаты Рыскелди Момбеков, ишкер Тилек Токтогазиев жана “Жашыл күчтөр коалициясы” уюмунун атынан саясат таануучу Азамат Темиркул кирген..

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>