Site icon Reporter.kg

Темир жолдун «экинчи кабаты» — «Эмгек» партиясынан тыгындар маселесинин революциялык чечими

Бишкектеги жол тыгыны маселеси көптөн бери эң курч көйгөйдүн бирине айланган. Унаага жыш толгон көчөлөр, кыбыраган жол кыймылы карапайым жарандарга эле ыңгайсыздык жаратпастан, атайын кызматтар үчүн да опурталдуу маселе. Бул айрыкча окуя болгон жерге тез жетүүлөрү зарыл болгон куткаруу, тез жардам, өрт өчүрүү жана милиция кызматтарынын ыкчам иштөөсү үчүн абдан маанилүү.

Бишкектин жолдорундагы тыгындар Жакарта шаары сыяктуу ири мегаполистердегидей эле негизинен кыймыл жыш болгон – эртең мененки жана кечке маал болот. Мунун негизги себептери: унаалардын көптүгү, борбордук көчөлөрдөгү башаламан унаа токтотуулар жана шаардын башкы магистралдарындагы кыймылды бир нече күнгө чектөө менен жүргүзүлгөн жол оңдоо иштери.

Кырдаалдын олуттуулугун 2GIS компаниясынын маалыматтарынын негизинде баалоого болот: үч айдын – июль, август жана сентябрь ичинде шаардыктар 777 саат тыгында турушкан. Октябрда абал анча деле өзгөргөн эмес – шаардын көчөлөрүндө кыймыл баштагыдай эле жыш, тыгындардын деңгээли 10 баллдын ичинен 9 баллга жетет. Мындай көрүнүш тургундардын жашоо сапатын гана начарлатпастан, шаардык инфраструктуралардын жалпы натыйжалуулугун төмөндөтөт. Ушундан улам бул маселени кантип чечүүгө болот деген суроо туулат.

Муниципалитет тыгындарды азайтуу чараларын көрүүдө: көчө боюнда токтотулган унаалар алынып, кичи автобустардын каттамдарын оптималдаштырып, аткаминерлердин белгилүү бир күндөрү автобус менен каттоо тажрыйбасын киргизүүдө. Бирок түп тамырынан өзгөртүү үчүн кыйла масштабдуу иш-чаралар зарыл, анткени учурдагы чечимдер олуттуу жылыштарга алып келбейт.

Буга байланыштуу Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан “Эмгек” партиясы жол тыгыны маселесин чечүүнүн эң чечкиндүү жана революциялык чечими – темир жолдун “экинчи кабатын” курууну сунуштайт. Бир караганда фантастикалык идеядай көрүнгөнү менен бул борбордогу транспорттук коллапсты жоюунун негизги кадамы болуп калышы мүмкүн.

“Бишкектеги жол кыймылы маселеси ар бир адамга белгилүү жана муниципалитет демилгелеген чечимдер жүктөмдү тийиштүү түрдө жеңилдете албасы азыртадан эле түшүнүктүү. Ошондуктан биз, айталы, өтө радикалдуу, бирок ошол эле учурда натыйжалуу ыкма – чала-чарпыт чаралардан баш тартууну жана учурдагы темир жолдун жүргүнчүлүк “экинчи кабатын” куруу сыяктуу прогрессивдүү чечимди колдонууну сунуштайбыз”, — дейт “Эмгек” партиясынын төрагасы Токтосун Султанов.

Анын айтымында, бул долбоор партиянын шайлоо программасына киргизилген, анткени ал борбордун негизги көчөлөрүндөгү тыгындарды жеңилдетип, шаардын чыгыш жана батыш райондорунун жашоочулары үчүн ыңгайлуу жол жүрүү каражаты болуп калмакчы.

“Мындай жер үстүндөгү транспорттук тутум шаардын курч көйгөйлөрүнүн бири болгон жол тыгынын чечип, адамдарга Бишкек ичинде тез жана ыңгайлуу жүрүү мүмкүнчүлүгүн берет. Мындан тышкары бул шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө толук шайкеш келген экологиялык долбоор. Мындай кадам шаардын транспорттук тутумун түп тамырынан өзгөртүп, келечектеги Бишкек үчүн мобилдүүлүктүн жаңы үлгүсүн калыптандырат деп ишенебиз”, — деп билдирди Султанов.

Долбоордун бир катар артыкчылыктары бар:

  1. Жол кыймылын азайтуу. Жаңы түзүлүүчү жер үстүндөгү транспорт көчөлөрдөгү унаалардын санын кескин кыскартып, тыгындарды азайтууга жана экологиялык жагдайды жакшыртууга өбөлгө болот.
  2. Ыңгайлуу жана заманбап. Бул долбоорду ишке ашыруу шаарда натыйжалуу, ошондой эле дүйнөлүк стандарттарга жооп берген жана жүргүнчүлөргө максималдуу ыңгайлуулукту камсыз кылган жогорку технологиялуу транспорт тутумун түзүүгө мүмкүндүк берет.
  3. Миңдеген шаардыктар үчүн ыңгайлуу. Жаңы транспорттук каттам Бишкектин алыскы райондорунун жашоочуларына өзгөчө пайдалуу болуп, көздөгөн жерине тезирээк жана ыңгайлуу жетүүгө шарт түзөт.

Коомдук транспортторду жакшыртуу боюнча буга чейин көрүлгөн чараларга карабастан, азыркы аракеттердин жетишсиздиги айкын. Жер үстүндөгү транспорт тутумун куруу сыяктуу бир кыйла радикалдуу жана прогрессивдүү чечимдер талап кылынат. Дал ушул кадам шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү бурулуш болуп калышы мүмкүн.

Темир жолдун “экинчи кабаты” долбоору – жөн гана амбициялуу сунуш эмес, бул борборду мындан аркы өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан реалдуу чечим. Тургундар шаарда ыңгайлуу жана кечигүүсүз жүрүп калышат. Жыйынтыгында Бишкекте экологиянын жана инфраструктуранын заманбап талаптарына шайкеш өнүгүүсүнө жана өсүшүнө шарт түзүлөт.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык кеңешине шайлоо 17-ноябрда өтөт. «Эмгек» партиясы шайлоо бюллетениндеги катар саны — №4.

«Эмгек» саясий партиясынын шайлоо фондундагы каражаттарынын эсебинен каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жокоева Ж.Ж. тарабынан төлөндү

Exit mobile version