«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка чакырылды. Бул тууралуу маалыматты ал өзү бүгүн Reporter.kg ге билдирди.
Анын айтымында, адвокаты аркылуу аны бүгүн саат 16:00го суракка келип кетүүгө чакырган.
«Суракка кайсы иш боюнча чакырылганымды азырынча так билбейм. Ал жакка барганда билебизда»,- дейт Султанбеков.
Акыркы күндөрү «Кумтөр» жана «Бийликти күч менен басып алууга» шек түү катары бир канча саясатчылар суракка чакырылууда.