Site icon Reporter.kg

Теңгиз Бөлтүрүк: 2025-жылы Кумтөр ишин токтотууга аргасыз болот

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк камактан ачык кат жазганын анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирип, катты жарыялады.

Катта Теңгиз Бөлтүрүк эгерде Кумтөрдү өнүктүрүүнүн кылдат ойлонулган жана прагматикалык стратегиясын иштеп чыгууну баштабаса, анда 2025-жылы Кумтөр калдык сактоочу жайлардын толуп калышынан улам ишти токтотууга аргасыз болорун жана 7 жылдан кийин алтындын иш жүзүндө тастыкталган запастары аяктарын жазган.

Тенгиз Бөлтүрүк катка мындай деп жазган:  

Кумтөр – Кыргызстандын өнөр жайынын флагманы жана өлкөнүн жаңы жетекчилигинин жана президенттин командасынын ийгилигинин же кемчилигинин символу. Азыркы учурда коомчулук гана эмес, бүтүндөй тоо-кен дүйнөсү, потенциалдуу инвесторлор Кумтөрдөгү кырдаалга жана Кыргызстандын президентинин жана Министрлер кабинетинин мындан аркы иш-аракеттерине кылдат байкоо салып турушат.

Финансылык бузууларга олуттуу айыптап жана андан ары бизге Кумтөр жана Холдинг боюнча толук кандуу отчет берүү мүмкүнчүлүгүн бербестен, ошондой эле E&Y (Эрнст энд Янг) эл аралык аудиторунун 2021-жылдагы КГК ишинин оң аудитордук отчетун жарыялабай туруп, мени жана башка Кумтөрдүн жетекчилерин камакка алуу коомдо түшүнбөстүктү жана нааразылыкты жаратууда.

Мунун баары инвестициялык иштеги айкындуулук жаатында жалпысынын өлкөнүн беделине терс таасирин тийгизди жана Центара Голд менен бүтүмгө — Глобалдык макулдашууга терс таасирин тийгизип жатат, анткени макулдашуунун негизги оюнчусу жана демилгечиси финансылык бузууларга айыпталып жатат.

Сот объективдүү, адилеттүү болот жана бардык айыптоолорду жана Кумтөр боюнча кылмыш ишинин материалдарын жоопкерчиликтүү талдайт, ошондой эле ар бир айыпталуучунун жеке жоопкерчилигин аныктайт деп үмүттөнөм.

КГК жетекчилеринин жаңы кыргыз командасынын натыйжалуу менеджменти биз мурдагы канадалык жетекчиликке караганда Кумтөрдү ийгиликтүү башкара аларыбызды далилдеди жана 2021-2022-жылдардагы КГК ишинин мыкты жыйынтыктары бул фактыны таамай тастыктап турат.

Кумтөрдү эл аралык соода биржасына чыгарууга даярдап баштоо жана акцияларын ачык жайгаштыруу үчүн КГК убактылуу башкаруучусу иштеген мезгилдеги жетекчиликтин аброюн калыбына келтирүү Кыргызстандын коомчулугунун жана батыш инвесторлорунун алдында өтө маанилүү.

«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинде биз алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жана КГКны Сингапурдагы биржага чыгарууга даярдап баштаганбыз. Кумтөрдүн биржадагы күтүлгөн баалоосу 2024-жылдын IV кварталында 6-7 млрд АКШ долларын түзөт.

КГК акцияларынын 40% сатуу өлкө үчүн 2.5-2.8 млрд. Бул IPO деп аталат, ал дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө ийгиликтүү жүзөгө ашырылып келет. Кумтөрдүн акцияларын биржада ачык жайгаштыргандан кийин акциялардын номиналдуу баасы кеминде 10 эсе өсөт. Мындай акция Кыргызстандын Президентинин жана Өкмөтүнүн беделине оң таасирин тийгизет. 30% акцияны сатууда түшкөн каражат (1,8-2,1 млрд. АКШ доллары) жакынкы 3 жылда КР бюджетинин тартыштыгын жоёт жана төмөндөгүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:

— Кумтөрдө жана кендин айланасында интенсивдүү геологиялык чалгындоо жүргүзүү жана алтындын запасын 600 тоннага чейин көбөйтүү, б.а. Кумтөрдү пайдалануу мөөнөтүн кийинки 30 жылга узартуу;

— Кумтөрдө жаңы алтын казып алуучу фабриканы, жаңы жер астындагы кен казып алуучу жайды ишке киргизүү, учурдагы калдык сактоочу жайларды толук кайра иштетүү жана бошотуу, тышкы инвесторлорду тартуусуз кендин инфраструктурасын толук жаңыртуу;

— Кумтөрдүн пайдасынын эсебинен Жетим-Тоо, Балачычкан, Сары-Жаз ГЭСИ ж.б. ири өнөр жай долбоорлорун каржылоо, бул долбоорлорго жыл сайын 250 млн. долларга чейин чегерүү. Эгерде Кумтөрдү өнүктүрүүнүн кылдат ойлонулган жана прагматикалык стратегиясын иштеп чыгууну баштабаса, анда 2025-жылы Кумтөр калдык сактоочу жайлардын толуп калышынан улам ишти токтотууга аргасыз болот, ал эми 7 жылдан кийин алтындын иш жүзүндө тастыкталган запастары аяктайт. Мындай жагдайлар өлкө жетекчилигинин беделине олуттуу залакасын тийгизет, анткени Президенттин аракети менен Кумтөрдү Кыргызстан элинин менчигине кайтарып алууга мүмкүн болду.

Азыркы учурда Кумтөрдө белгилүү бир адистиктердин олуттуу кадрдык тартыштыгы бар: геолог-чалгындоочулар, геотехниктер, инженер-изилдөөчүлөр, жер астындагы тоо инженерлери, долбоордук инженерлер жана менеджерлер жетишпейт. Мурда бул позициялар чет өлкөлүк адистер жана консультанттар тарабынан жабылган, ал эми азыр биз шашылыш түрдө Кумтөр үчүн гана эмес, жалпысынан улуттук кадрларды даярдашыбыз керек. Кумтөр шашылыш түрдө олуттуу өзгөртүүлөргө, технологияларды модернизациялоого, IT технологияларды киргизүүгө муктаж.

Кумтөр өнөр жайдын жана республикабыздын гүлдөп өнүгүшүнүн флагманы болот деп үмүттөнөм.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык соту Теңгиз Бөлтүрүктү 2023-жылдын 10-мартына чейин камакта калтырган.

2022-жылдын 29-декабрында Октябрь райондук сотунда Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасын узартуу боюнча өтүнүч каралып, сот анын камактагы мөөнөтүн узартуу чечимин кабыл алган.

Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган.

Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

«Кумтөрдүн» мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version