Башкы прокуратура 13-сентябрда «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктү кармаган.
Аны менен бирге компаниянын камсыздоо боюнча адиси Ж.А.Ф жана каржы бөлүмүнүн директору Т.Р кармалып, баары Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Reporter.kg “Кумтөрдүн” экс-жетекчисинин кармалышы боюнча эл өкүлдөрүнүн пикирин билүүнү чечти.
Кээ бир депутаттар бул маселе боюнча оюн ачык айтышса, кээ бирлери жооп берүүнү каалаган жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз