Site icon Reporter.kg

Теңиз Бөлтүрүк «Centerra Gold” компаниясынын директорлор кеңешинен кетет

Теңиз Бөлтүрүк «Centerra Gold” компаниясынын директорлор кеңешинен чыгуу арызын берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-майда Жогорку Кеӊештин кезексиз жыйынында «Кумтөр» алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын иликтөө жыйынтыгы тууралуу айтып жатып билдирди.

«Centerra Gold компаниясынын айланасындагы абалга байланыштуу директорлор кеңешинен чыгуу арызымы бердим», — деди Бөлтүрүк.

Ал ошондой эле Кыргызстандын тоо-кен тармагында чоң потенциялы бар экенин жана дүйнөнүн алдынкы өлкөлөрүнө атаандаштык бере аларын кошумчалады.

“Бизде арзан гидро энергетика, арзан жумушчу күч бар. Мен иштеген көпчүлүк жерлерде суу жок, же суу алып келүү көйгөй жараткан. Кумтөрдөн эки эсе чоң кендер бар, бирок электр жарыгы менен суу жок болгонуна байланыштуу иштелбей турат. Андыктан Кыргызстанда чоң потенциал бар”, — деди Бөлтүрүк.

Ал кошумчалагандай, Кыргызстан өз жаратылышындагы ресурстарын колдоно албай жатат.

“Кумтөрдү дагы 10 жылга чейин кенен иштетсе болот. 300 миң тоннадан ашык запасы бар. Экологиялык абалды жакшыртууга, бюджетти толтурууга жана Кыргызстандын тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаш керек”, — деп кошумчалады Бөлтүрүк.

Exit mobile version