Кадыр Маликов Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган комиссиядан билдиришти.
Кадыр Маликов 1971-жылдын 1-декабрында туулган. Жогорку билимдүү теолог. 2001-жылы Иорданиянын Амман шаарынан ислам юриспруденция адистиги боюнча билим алган.
2004-2005-жылдары Испаниянын Мадрид университетинин (Universidad Complutense de Madrid) Борбор Азия жана Азия-Тынч океан аймагындагы кооптуулуктарды жана чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча окуган.
2007-жылы Испаниянын дагы бир университетинде (Universidad Autonoma de Madrid) саясат таануу жана ислам изилдөө боюнча докторлугун жактаган.
Эмгек жолу:
- 2020-2021 — Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары;
- 2009 — Ички иштер министринин коомдук кеңешчиси;
- 2006-2007 — Борбор Азиядагы Америка университетинин социалдык иликтөөлөр борборунун исламды изилдөө тобунун жетекчиси;
- 2005-2007 — Кыргыз-Россия Славян университетинин алдындагы Стратегиялык анализ жана алдын ала божомолдоо институтунун ислам изилдөөлөрү боюнча жетектөөчү адиси;
- 2002-2003 — Билим берүү жана маданият министрлигинин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башкы адиси;
- 2001-2002 — Иорданиянын Диний иштер боюнча министрлигиндеги Сот корпусунун жарандык мусулмандык укук боюнча сот приставынын ассистенти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз