Site icon Reporter.kg

Теолог Кадыр Маликов жаңы кызматка дайындалды

Кадыр Маликов Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган комиссиядан билдиришти.

Кадыр Маликов 1971-жылдын 1-декабрында туулган. Жогорку билимдүү теолог. 2001-жылы Иорданиянын Амман шаарынан ислам юриспруденция адистиги боюнча билим алган.

2004-2005-жылдары Испаниянын Мадрид университетинин (Universidad Complutense de Madrid) Борбор Азия жана Азия-Тынч океан аймагындагы кооптуулуктарды жана чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча окуган.

2007-жылы Испаниянын дагы бир университетинде (Universidad Autonoma de Madrid) саясат таануу жана ислам изилдөө боюнча докторлугун жактаган.

Эмгек жолу: 

  • 2020-2021 — Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары;
  • 2009 — Ички иштер министринин коомдук кеңешчиси;
  • 2006-2007 — Борбор Азиядагы Америка университетинин социалдык иликтөөлөр борборунун исламды изилдөө тобунун жетекчиси;
  • 2005-2007 — Кыргыз-Россия Славян университетинин алдындагы Стратегиялык анализ жана алдын ала божомолдоо институтунун ислам изилдөөлөрү боюнча жетектөөчү адиси;
  • 2002-2003 — Билим берүү жана маданият министрлигинин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2001-2002 — Иорданиянын Диний иштер боюнча министрлигиндеги Сот корпусунун жарандык мусулмандык укук боюнча сот приставынын ассистенти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version