Тергөөдө маркум Айзада Канатбекованын зордукталганы аныкталды

Тергөөдө маркум Айзада Канатбекованын зордукталганы аныкталды

Тергөөдө ала качуунун курмандыгы болгон маркум Айзада Канатбекованын зордукталганы аныкталды. Бул тууралуу анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Айзаданы ала качуу жана өлтүрүү боюнча кылмыш ишинин тергөөсүн бүтүрүп, аны сотко жөнөттү.

“Маркум Замир Теңизбаев адамды уурдоо, өлтүрүү жана зордуктоодо айыпталган. Тергөө Айзаданын зордукталганын көрсөттү. Анткени бул жөнүндө экпертиза белгилегендей, анын бетинде жана буттарында мындай учурларга мүнөздүү болгон дененин сыйрылгандыгы жана канталап көгөргөндүгү аныкталган.

Ала качууга катышкан 5 адам дагы оор кесепеттерге алып келген адам уурдоого айыпталып жатышат. Тергөөчү жана прокурордун кеңешүүсүнөн кийин бул иш-аракетти «Никелешүү максатында адам уурдоо» эмес, «Адам уурдоо» катары сыпаттоо керек деп чечилген. Ошентсе да көптөгөн кемчиликтерге карабастан тергөөчү бул ишти сотко жиберүүгө шашылды. Акылга сыйбаган бул иш-аракет дале болсо уланууда», — деп билдирген жактоочу.

Ал ошондой эле Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу утурумдук маалыматтарды чыгарып турарын айткан.

Белгилей кетсек, алгач интернетке кызды ала качып кеткен тасма жарыяланган. Бир нече күндөн кийин кыздын жана аны ала качкан адамдын жансыз денеси автоунаадан табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча ала качкан адам, кызды муунтуп өлтүрүп кийин өз жанын кыйган.

Милициянын маалыматы боюнча кызды уурдап барып өлтүрүп, кийин өз жанын кыйган адам Орусияда каракчылык үчүн 6 жыл абакка кесилип жаза мөөнөтүн өтөп келген.

Бул окуяга байланыштуу «милиция жоопкерчиликсиз мамиле кылган» деген топ адамдар ички иштер министри иштен кетүүсүн талап кылып митингге чыгышкан.

Ал эми президент бул окуяны жеке көзөмөлүнө алганын билдирген.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>