Чүй облусунун Беловодское айылында жайгашкан №16 түзөтүү мекемесине тыюу салынган буюмдарды мыйзамсыз киргизүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын Чүй облусу боюнча кызматкерлери соттолгон Д.А.О.га анын досу тарабынан тыюу салынган буюмдарды мыйзамсыз киргизүү аракетине бөгөт коюшту.
Сырттан кароо жүргүзүлгөндө С.Ю.Ю аттуу аялдын ич кийимине кылдаттык менен катылган шектүү зат табылып алынган. Контролдук таразага тартуу учурунда кармалган заттын жалпы салмагы 2.64 мл граммды түзгөн.
“Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы анын баңгизат экенин аныктады. Ал A-PVP же Альфа-ПВП синтетикалык психостимулятордун жаңы түрү. Белгилей кетчү нерсе бул зат (көбүнчө майда кристаллдар же туздар түрүндө) башка синтетикалык катинондорго окшош, бирок анын таасири алда канча күчтүү, демек керектөө үчүн дагы өтө кооптуу”, — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, жогоруда аталган кылмыштын дагы бир шериги кармалды. Бул факты бузуулардын бирдиктүү реестрине катталып, чогултулган материалдардын негизинде иликтөө иштери жүрүп жатат.
Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз