Site icon Reporter.kg

Тергөөчүгө пара берүүгө аракеттенген шектүү кармалды

Бишкекте 42 жаштагы жаран тергөөчүгө пара берүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу шаардын Биринчи Май райондук милициясы кабарлады

Маалыматта айтылгандай, райондук милицияга тергөөчү кайрылып, А.С., аттуу жаран байкесине байланыштуу тергелип жаткан иш боюнча байкесинин жоопкерчилигин жеңилдетип берүүнү суранып, пара сунуштап жаткандыгын билдирген.

4-апрелде ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө, райондук милициянын тергөөчүсүнүн кызматтык кабинетинде 42 жаштагы С.А. 41 миң сомду тергөөчүгө берүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жаран С.А. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал 2 айга Бишкек шаарындагы СИЗО-1 тергөө абагына камакка алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Exit mobile version