Site icon Reporter.kg

Террордук топтун катарында Сирияда согушкан жаран кармалды

8-ноябрда Жалал-Абаддын 28 жаштагы тургуну Т.Х.Х. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, ал 2015-жылдын аягында Сириядагы куралдуу кагылышууга катышкан. Т.Х.Х. Москвада иштеп жүрүп,  “Катиба аль-Таухид валь-жихад” эл аралык террордук уюмунун мүчөлөрү тарабынан жалданып, атайын  диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сириянын өкмөтүнө каршы согушка тартылат.

Ага каршы Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин 1-бөлүгү (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) боюнча иш козголуп, тергөө иштери башталды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version