“Күрдистан жумушчу партиясы” террордук уюмунунун бөлүкчөсү аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Орусиянын жана Кыргызстандын атайын кызматтары менен биргеликте ыкчам-издөөнүн натыйжасында , 2021-жылдын 16-октябрында Орусиянын Москва шаарынын аймагында жасалма документтердин негизинде жашынып жүргөн Талас облусунун тургуну “С.О.О” аныкталып кармалган. 12-декабрда эки тараптуу келишимге ылайык издөөдө жүргөн жаран Кыргызстанга экстрадицияланды.
Алардын ичинен «Күрдистан жумушчу партиясы» уюмунун күжүрмөн канатынын мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрүнүн катарында Сирия-Ирак зонасында согуштук аракеттерге катышкан, эл аралык издөөгө жарыяланган аталган уюмдун айрым мүчөлөрү аныкталды.
Азыркы учурда Кылмыш-жаза кодексинин 250-беренеси “ кыргыз жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же согуштук аракеттерге катышуусу же террористтик даярдыктан өтүүсү” боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бердиктүү реестрине катталган кылмыштардын алкагында, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө.
Анын ичинде бул фактынын бардык жагдайларын изилдөөгө жана тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар улантылууда.