Site icon Reporter.kg

Тешилген жолдор канткенде оңолот?

Кыргызстан эмнеге жолдорун толугу менен асфальттай албай жатат? Ар кимден карыз алып,  жол «жамап», салып, оңдоп-түзөп жүрөт. Эмнеге карыз алат? Өнүккөн өлкөлөрдү бери коюп эле, коңшу Казакстандын жолуна салыштырып алып эле каңырыгыбыз түтөй берет эмеспи… Чынында Кыргызстандын жолуна асфальт төшөп, жол белгилерин сызып, жалтыратып коюууга мүмкүн болбой жатабы? Мына ушул суроолордун үстүндө анализ жасоого аракет кылып көрөлү…

Ачык булактардагы расмий маалыматтарга караганда, өлкө боюнча 34 миң чакырым унаа жолу болсо, анын 19 миң чакырымы жалпы пайдалануудагы жол. Булар Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында турат. Кыргызстан эгемендикти алгандан бери карай 4200 чакырым эл аралык жолдун ичинен араң гана 2200 чакырым аралыктагы жолду реконструкциядан өткөрүп, кайрадан жаңы курган. Жалпы жонунан 2 млрд. 500 млн АКШ доллары сарпталган. Дагы бир жолу ушул жерден көңүл бөлсөк, соңку 30 жылдын ичинде 2200 чакырым жол салынган. Эми дагы 31 800 чакырым аралыктагы жолду асфальттоо керек. Кантип? Бул суроого бийлик менен кошо адисттер дагы башын оорутуп келүүдө.

Өкмөт жолдорду оңдоп-түзөөгө, салууга, кармап турууга 2008-жылдан тарта жылына 2 млрд сомдон каражат бөлүп турган, 2016-2017-жылдары бир аз көлөм көтөрүлүп 4,5 млрд сом сарпталган. Ал эми негизи жалпы жолду оңдоп-түзөп, кармап туруу үчүн эле жылына 10 млрд. сом каражат талап кылынаары айтылып келет. Капиталдык ремонтко 3,5 млрд. сомдон ашыгыраак, 1 млрд. 800 млн сом жолду күнүмдүк кармап турууга эле керек. Бирок, каражаттын жетишсиздигинен улам аз акча бөлүнүп келе жатат.

Соңку жылдардагы ири долбоорлордун бири Түндүк-түштүк альтернативалык жолу. Бул жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Жолдун ар бир чакырымына орточо эсеп менен 1 миллион 617 миң доллар жумшалууда. Бул ири долбоордун болжолдуу наркы 850 миллион долларга бааланган. Кытайлык China Road and Bridge компаниясы ишке ашырууда.  Бул жолдун башкы өзгөчөлүктөрү катары анда салынып жаткан эстакадалык көпүрөлөрдү жана тоннелди айтууга болот. 29,5 миллион долларга эки эстакадалык көпүрө курулууда. Бул долбоор 2014-жылы башталган, 2019-жылы аяктаары болжолдонгон, бирок, андан 2 жыл өтсө дагы иш аягына чыга элек. Мына ушундай долбоорлор дээрлик карыз акчага жүрөт.

Кыргызстан карызсыз жол сала алабы?

Мына бул суроого жооп издөө бийлик үчүн машакатка айлангандай. Жогорку Кеңештин депутаттары кошумча акча табуунун жолун демилгелеп чыгышкан. Алардын демилгесине ылайык, “Жол фонду” түзүлөт, күйүүчү жана майлоочу майлардын литринен 2 сомдон, акциздик ставкаларын 50 пайызга чейин көтөрүп жылына 2 млрд сомдой каражат түшүрөөрүн болжошууда.  Фондго түшкөн акчадан жыл сайын жолдорду оңдоп-түзөп, жол салууну көздөп турушат.

Мындан тышкары унаалардан да салык алууну сунушташууда. Маселен, заводдон чыкканына 4 жыл боло элек, 4 кубдук жеңил унаалардан жылына 160 миң сомдук салык киргизүү да мерчемделүүдө. Мындан 130 млн. сом жол фондуна түшөт.

Ал тургай жолдорго акы төлөнө тургандай кылуу дагы  буга чейин да көтөрүлүп келе жатат. Бул ойго окумуштуулар дагы каршы чыгууда. Техника илимдеринин доктору Кубатбек Мухтарбек уулунун пикиринде, Филипини өлкөсү дагы бир кездери жолго акча төлөө системасын киргизип, кийин кайра бул система иштебей койгондуктан акы төлөөнү алып салган. Өнүккөн мамлекеттерден АКШнын  Golden Gate Bridge (Алтын дарбаза) деген океандын үстүнөн өтө турган көпүрө жолго акы алышат. 5 доллардан төлөшөт. Анткени, суу туздуу болгондуктан жолду тез бузуп кетүү коркунучу жогору, аны дайым карап турууга каражат керек болот. Эгерде, Кыргызстанга жолдорго акы төлөөнү киргизип сала турган болсо жемкорлукка алып келет.

 

Ушул тапта бийлик тыштан карыз албай жол куруу айласы менен алпурушуп жаткан кез. Бирок, тунгуч президент Аскар Акаев дагы ушундай эле фонд түзүп, коррупциялык элементтерден улам анысы иштебей калган. Бул жол фондусуна түшкөн каражаттар толук максаттуу сарпталып, жолдорду карызсыз оңдоп-түзөөгө жетишсек, кантип болбосун!

 

 

 

Exit mobile version