Site icon Reporter.kg

The Guardian басылмасы Кыргызстанды туризм үчүн идеалдуу өлкө деп тааныды

Кыргызстан 2021-жылы туристтерге саякат үчүн дүйнөдөгү өлкөлөрдүн тизмесинде биринчи орунда болот. Бул тууралуу рейтингди Британиялык The Guardian журналы  саякатчылардын ой-пикирлеринин негизинде чыгарган.

«Бишкек заманбап жана жандуу шаар, ал эми ажайып элет жери салттуу жашоо менен көчмөндөрдүн жолугушуусун сунуштайт. Кыргызстан даамдуу жергиликтүү ашканасы менен дүйнөдөгү эң кооз өлкөлөрдүн бири», — деп айтылат макалада.

Тизменин кийинки катарында Исландия, Өзбекстан, Азербайжан, Грузия, Украина, Ланди аралдары, Фарер аралдары жана башка өлкөлөр бар.

 

Exit mobile version