Site icon Reporter.kg

Тил күнүнө карата мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери арасында сынак уюштурулат

Экономика министрлиги 23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө карата ушул жылдын 2-октябрында мамлекеттик тилдеги басылмалардын көргөзмөсүн уюштурат. Бул тууралуу президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмө учурунда министрликтин кызматкерлери арасында тандалган китептерди (интеллектуалдык өсүш, көркөм адабият, педагогикалык мазмундагы) окуу боюнча сынагынын жыйынтыгы угузулат. Жеңүүчүлөргө белектер ыйгарылат.

— Бажы кызматында дагы ушул эле форматтагы кызматкерлер арасындагы сынактын жыйынтыгы жарыяланган китеп көргөзмөсү китеп окуу жана анын мазмуну менен тааныштырып берүү конкурсунун жыйынтыгын чыгаруу менен өткөрүлөт.

— Финансы министрлигинде “Эне тилим – эне сүтүм” эссе сынагы өткөрүлөт. Эссе сынагынын талаптары жобо менен бекитилип, алдын ала кызматкерлерге тааныштырылды.

— Салык кызматында  мамлекеттик тил күнүнө карата аймактык башкармалыктар менен биргеликте республикалык онлайн тегерек стол өткөрүлөт.

Exit mobile version