Site icon Reporter.kg

Тил комиссиясы окуу жайларда мамлекеттик тилде окутууну сунуштоодо

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жогорку окуу жайларда окутунуу мамлекеттик тилде жүргүзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.

«Жогорку окуу жайларда окутуу расмий тилде жүргүзүлүп жатат. Расмий тилде окуп, билим алып, кесиптин ээси болгондор мамлекеттик жана муниципалдык кызматка келгенде, мамлекеттик тилди үйрөнүүдө бир топ кыйынчылыктарга туш болууда. Себеби алган билими, иштиктүү тили расмий тил болуп калганы үчүн мамлекеттик тилден аксап жатат. Мисалы азыр мектептерде көп тилдүүлүк маселеси каралып, программа киргизилүүдө. Ошол сыңары жогорку окуу жайларда да мамлекеттик тилде окутуу маселесин күн тартибине алып чыгып, сунуштап жатабыз», — деди ал.

Exit mobile version