Тилек Матраимов үй камагына чыкты

Тилек Матраимов үй камагына чыкты

Кара-Суу районунун мурдагы акими, Кыргызстандыктар эң көп талкуулаган Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Раимбек Матраимовдун бир тууганы Тилек Матраимов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу чечим 13-октябрда чыкканын Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди. 

6-октябрда Тилек Матраимов жана анын туугандары Өзбекстандын чек арасынан өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалганы белгилүү болгон. Ош шаардык сотунун чечими менен Тилек Матраимов бир айга камакка алынган. Ал 9-ноябрга чейин УКМКнын Ош облустук башкармалыгынын тергөө абагында камакта болушу керек болчу.

Тилек Матраимов 4-октябрдагы шайлоонун алдында убактылуу эс алууга кеткенин ден соолугуна байланыштуу деп билдирген. Ал Кара-Суу районун акими кызматын сегиз жылдан аркалап келет.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>