Site icon Reporter.kg

Тилек Матраимов 9-ноябрга чейин тергөө абагына камалды

Кара-Суйсуу районунун акими Тилек Матраимов 9-ноябрга чейин тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Reporter.kg`ге Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Тилек Матраимов туугандары менен  6-октябрда Өзбекстандын чек арасынан өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

Тилек Матраимов сегиз жылдан бери Кара-Суу районун башкарып келген. Парламенттик шайлоонун алдында ден соолугуна байланыштуу убактылуу өргүүгө кеткен.

Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун  бир тууган иниси.

Exit mobile version