Site icon Reporter.kg

«Тилибиз өнүгүп кеттиби?». Мамлекет кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн акчаны азайтууда

Мамлекет кыргыз тилди өнүктүрүү программасы үчүн акчаны азайтууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда депутат Камила Талиева билдирди.

Ал 2023-жылы кыргыз тилин өнүктүрүү программасына 71,4 млн сом бөлүнгөнүн, быйыл 62,8 млн, 2025-жылга 46,2 млн сом каралганын айтып, жылдан-жылга акча азайып жатканын белгиледи.

«Менин оюмча көбөйүш керек эле. Себеби эмнеде же тилибиз өнүгүп кетип, каражатка мутаж болбой калдыбы?», — деп суроо салды депутат.

Exit mobile version