ТИМ АКШ элчисинин билдирүүсүн өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү деп атады

ТИМ АКШ элчисинин билдирүүсүн өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү деп атады

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лунун «Интерньюс» уюму өткөргөн иш-чарада сүйлөгөн сөздөрүнө жооп кайтарды.

ТИМдин жообу министрликтин «Твиттердеги» расмий баракчасына жарыяланды.

«АКШнын элчиси Дональд Лунун жакында эле жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган видео кайрылуусунда өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү менен тергөөгө басым кылуунун элементтери бар», – деп жазылган анда.

Ошондой эле министрлик, эл аралык мамилелер менен улуттук мыйзамдардагы принциптер эч качан бузулбашы керектигин дагы белгилеп кеткен.

Белгилей кестек, элчи Дональд Лу 5-декабрда “Интерньюс” уюмунун журналисттерге “Умтулуу” сыйлыгын ыйгарган аземинде сүйлөп жатып, Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Раимбек Матраимов тууралуу журналисттик иликтөөнү 18 айдагы эң маанилүү окуя деп атап, анын айланасындагы окуяларды голливуд тасмаларына салыштырган. Мындан сырткары өлкөдөгү саясий абалга да токтолгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>